25.10.2018 12:15
Өкмөт башчы Баткен жана Лейлекте мектептердин жана бала бакчанын ачылыш аземине катышат
© КР Өкмөтүнүн маалымат кызматы
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн бир күндүк жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Өкмөт башчы Баткен жана Лейлек райондорундагы мектептердин жана бала бакчанын ачылыш салтанатына катышат.
Ошондой эле ал кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышып, Исфана шаарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун эстелигине гүл коет.
Мындан тышкары сапардын алкагында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба көргөзмөсүнө барып, Лейлек районунун 90 жылдыгын белгилөөгө катышмакчы.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: